Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 14-августу № 451-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 211 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- эки айлык мөөнөттө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- Бишкек шаарында Жеңиш парадын даярдоого жана өткөрүүгө чыгашалардын сметасын 2009-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө зарыл болгон каражатты 2010-жылдын республикалык бюджетинде карасын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чараларды көрүшсүн;
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды 2010-жылдын апрель-майында коомдук жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен өткөрүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бардык окуу жайларында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана ооруктун эмгекчи-баатырлары менен студенттердин жана окуган жаштардын жолугушууларын өткөрүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
7. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.