Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-августу № 457-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркмөнстан Өкмөтү,
эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилени андан ары чыңдоо максатында,
эл аралык укуктун, теңдиктин жана өз ара пайда принциптеринин негизинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташууну кеңейтүүгө жана бекемдөөгө умтулушун,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-статья.
Тараптар Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзүшөт.
2-статья.
Комиссиянын негизги маселелери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда өз ара пайдалуу соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөк көрсөтүү;
эки өлкөнүн экономикасынын ар кандай чөйрөлөрүндө өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн эл аралык келишимдердин аткарылышына, ошондой эле Комиссиянын отурумдарында кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашыруу;
соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуунун ар кандай багыттары боюнча эки тараптуу эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоо жана аларды өкмөттөрдүн кароосуна киргизүү боюнча Тараптардын мамлекеттеринин министрликтеринин, ведомстволорунун жана уюмдарынын иш-аракеттерин координациялоо;
кыргыз-түркмөн экономикалык кызматташуунун, анын ичинде чет өлкөлүк капиталды жана технологияларды тартуу, финансылык-өнөр жайлык топторду, биргелешкен ишканаларды түзүү, түз өндүрүштүк байланыштарды түзүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана макулдашуу, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүнү аныктоо;
Комиссиянын отурумдарын даярдоо жана өткөрүү.
3-статья.
Комиссия эки улуттук - кыргыз жана түркмөн бөлүктөрүнөн турат. Ар бир Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык Комиссиянын тиешелүү улуттук бөлүгүнүн төрагасын (мындан ары - тең төрага), жооптуу катчысын жана Комиссиянын мүчөлөрүн дайындайт.
Зарыл учурларда Комиссия эки тараптуу экономикалык кызматташуунун ар кандай багыттары боюнча туруктуу жана убактылуу подкомиссияларды жана жумушчу топторду (мындан ары - жумушчу органдар) түзө алат. Ал жумушчу органдар өзүнүн иш-аракеттерин Комиссиянын жетекчилиги алдында ишке ашырат жана ага отчет беришет.
4-статья.
Комиссиянын отурумдары жана тең төрагалардын жолугушуулары зарыл болгон учурларда, бирок кезек боюнча Кыргыз Республикасында жана Түркмөнстанда жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Отурумдарды жана жолугушууларды өткөрүү мөөнөтү дипломаттык каналдар боюнча аларды өткөрүүнүн датасына чейин эки айдан кеч эмес мурдатан макулдашылат. Комиссиянын кезектеги отурумунун күн тартибин Тараптар аны өткөрүүгө чейин бир айдан кеч эмес алдын ала макулдашат. Тең төрагалардын өз ара макулдашуусу боюнча Комиссиянын отурумунда күн тартибине киргизилбеген маселелер каралышы мүмкүн.
Комиссиянын кезектен тышкары отурумдары, тең төрагалардын жолугушуулары, жумушчу органдардын отурумдары Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өткөрүлөт.
Отурум же жолугушуу кайсыл мамлекеттин аймагында жүрүп жатса отурумга Комиссиянын ошол тең төрагасы төрагалык кылат.
Комиссиянын отурумдарын даярдоо жана ага катышуу үчүн ар бир Тарап эксперттерди жана адистерди тарта алат.
5-статья.
Комиссиянын отурумун маалыматтык камсыздоо, материалдарды жана документтерди даярдоо, отурумдун протоколдорун тариздөө, жумушчу органдардын иш-аракеттерин координациялоо, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо, жана ошондой эле Комиссиянын ишин камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук мүнөздөгү башка милдеттер Комиссиянын улуттук бөлүктөрүнүн жооптуу катчыларына жүктөлөт.
Өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн Комиссиянын жооптуу катчылары өздөрүнүн ортосунда иштик байланышта болушуп, зарыл болсо Комиссиянын отурумдарынын ортосунда жолугушууларды өткөрүшөт.
6-статья.
Комиссиянын отурумдарында Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана делегациялардын катышуусу, тең төрагаларынын жолугушуусу, жумушчу органдарынын отурумдары менен байланышкан чыгымдар жөнөтүүчү Тараптын каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Комиссиянын отурумдарын, тең төрагаларынын жолугушууларын, жумушчу органдардын отурумдарын өткөрүү менен байланышкан чыгымдар бул иш-чаралар аймагында өткөрүлүп жаткан мамлекет Тараптын каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Делегациялардын курамы саны тең төрагалар тарабынан аныкталат жана эреже катары Тараптардын ар биринен 20дан (жыйырма), тең төрагалардын жолугушуусунда - Тараптардын ар биринен 10 (он) адамдан ашпаш керек.
7-статья.
Комиссиянын чечимдери консенсустун негизинде кабыл алынат жана Комиссиянын отурумунун протоколуна кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Комиссиянын отуруму жана анын документтерин тариздөө орус тилинде жүргүзүлөт.
8-статья.
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууда жана чечмелөөдө чыккан талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет.
9-статья.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Бул Макулдашууга киргизилген тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө протоколдор ушул Макулдашуунун 10-статьясында каралган тартипте жана шарттарда күчүнө кирет.
10-статья.
Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуунун аракети тараптардын бири Макулдашуунун аракеттенүү мөөнөтү аяктаганга чейин алты айдан кеч эмес анын күчүн токтотуу ниети жөнүндөгү кат жүзүндөгү кабарын экинчи Тарапка бербесе кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
200_-жылдын "____" _________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, түркмөн, орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө ар кандай талаш-тартыштар болгон учурларда артыкчылык орус тилиндеги текстке берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |