Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-августу № 458-б
Нарын облусунун Жумгал районундагы Сары-Камыш айылын электрлештирүү максатында энергетикалык объекттерди куруу үчүн:
1. Нарын облусунун Жумгал районундагы Сары-Камыш айылын электрлештирүү үчүн энергетикалык объекттердин куруунун заказчысы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине объекттин курулушун 2009-жылга карата бекитилген республикалык бюджеттин чегинде "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча 9200000,0 (тогуз миллион эки жүз миң) суммада каржылоого уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик Нарын облусунун Жумгал районундагы Сары-Камыш айылын электрлештирүү боюнча курулуш жумуштарын 2009-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө тез арада бүтүрүү зарылдыгына байланыштуу жумуштардын аткаруучусу кылып "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомун бир булактан алуу ыкмасы менен аныктасын.
4. Нарын жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрацияларынын башчылары Нарын облусунун Жумгал районундагы Сары-Камыш айылын электрлештирүү үчүн энергетикалык объекттерди курууда "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомуна ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн.
5. Нарын облусунун Жумгал районундагы Сары-Камыш айылын электрлештирүү үчүн энергетикалык объекттерди куруу жумуштарынын жүрүшүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине тапшырылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |