Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-августу № 461-б
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын иштөөсү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына Бишкек шаары, Киев көчөсү, 107 дарегинде жайгашкан имараттын биринчи кабатындагы № 114 жана № 115 кабинеттерди жана төртүнчү кабатындагы № 412 кабинетти коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөтүү менен кайтарымсыз пайдалануу шарттарында берсин;
- берилип жаткан жайларды ээлеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын кызматкерлерин имараттагы аянтчалардын эсебинен ушул эле имаратка жайгаштырсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |