Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-августу № 464-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-августундагы № 435-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "келишимине өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу" деген сөздөр "келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын жана MLIS^TM пленкаларын жасоого жана берүүгө жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын персоналдаштырууга 2007-жылдын 21-декабрындагы контрактты каржылоо келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу кошумча макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктары жана MLIS^TM пленкалары үчүн элден алынчу төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алыш-бериш эсептерине улуттук валюта (сом) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөгөн күндөгү ЕВРОго карата расмий курсу боюнча, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун 1 бланкы жана MLIS^TM пленкасы үчүн 3,52 евро эсебинде төгүлөөрү жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын жана MLIS^TM пленкаларын кийинки сатып алууга жана персоналдаштырылган маалыматтардын топтолушун жана иштетилишин автоматташтырууну өнүктүрүүгө пайдаланылаары белгиленсин.";
- 4-пункттагы "2009-жылдын 15-августунан" деген цифралар жана сөздөр "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын жана MLIS^TM пленкаларын жасоого жана берүүгө жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын персоналдаштырууга 2007-жылдын 21-декабрындагы контрактты каржылоо келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу кошумча макулдашуу күчүнө кирген учурдан" деген сөздөргө алмаштырылсын";
- 5 жана 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети 2008-жылы жана 2009-жылдын 1-мартына чейин алынып келген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун 300000 бланкын жана 300000 MLIS^TM пленкасын бажылык администрациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин тапшыруусу боюнча алуучу деп "Интел-Линкс" ЖЧКны эсептесин жана 2008-жылдан тартып 2009-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин дарегине алынып келген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун 300000 бланкынын жана 300000 MLIS^TM пленкасынын жүккө бажылык декларациясынын маалыматтык базасына оңдоолорду киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети салыктык администрациялоо максатында 2008-жылы жана 2009-жылдын 1-мартына чейин ташып келинген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун 300000 бланкын жана 300000 MLIS^TM пленкасын алуучу деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин тапшырмасы боюнча "Интел-Линкс" ЖЧКны эсептесин.".
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |