Редакцияот 27.08.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 27-августу № 473-б

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 1 Мамлекеттик резиденциясынын объекттерин 2009-2010-жылдын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдоону камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- республикалык бюджеттен 2 000 000 (эки миллион) сом кошумча финансылык каражат тапсын жана № 1 Мамлекеттик резиденциянын объекттерин 2009-2010-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү караштырылган мыйзам долбоорун аныкталган тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы № 1 Мамлекеттик резиденциянын объекттерин 2009-2010-жылдын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдоону белгиленген тартипте камсыздасын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына тапшырылсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов