Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2011-жылдын 1-июнундагы № 197-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 7-сентябры № 500-б

1. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 500-б буйругуна тиркеме

 

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча

ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы

Илимий-техникалык кеңешинин

КУРАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңешинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары,

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология илимий-изилдөө институтунун директору;

Кыргыз-Россия Славян университетинин "Өзгөчө кырдаалдарда коргоо" кафедрасынын башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Комплекстүү инженердик-гидрогеологиялык экспедициянын гидрогеологу;

Кыргыз Республикасынын Жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун директору;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казыналарын өздөштүрүү илимий-изилдөө институтунун директору;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо институтунун директору;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлардагы өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө, болжолдоо департаментинин директору;

Борбор Азиялык Жерди изилдөө институтунун тең директору;

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Геология илимий-изилдөө институтунун директору;

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ишти мобилизациялоо жана жарандык коргонуу боюнча секторунун начальниги;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тышкы байланыштар жана инвестициялар башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Геоприбор"

илимий-инженердик борбордун директору.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

 

Н.Айтмурзаев