Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 17-сентябры № 520-б
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча тиркелген план (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 520-б буйругу менен бекитилген |
┌──┬────────────────────────────────────────┬───────────┬─────────────┐
│№ │ Ишке ашыруу боюнча иш-чаралар │ Аткаруу │ Жооптуу │