Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 17-сентябры № 523-б
1999-2000-жылдарда Баткен окуялары убагында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча жоокердик милдетин аткарууда курман болгон Жоокерлерди эскерүү күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү максатында:
1. Кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын элесин эскерүүгө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн референти;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкы инспекциясынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;