Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-сентябры № 541-б
Баткен-Исфана автомобиль жолунун 248 км - 271 км участогун реабилитациялоонун жүрүшүндө бөлүнгөн тилкеге туш келген мүлктү баалоону тандап текшерүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Мамаев К.А - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Абдурахманов А.О - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Бөрүбаев Н.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен зоналык борборунун директору;
Васюшкина Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоордук-иликтөө институтунун пландоо-финансы бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Ибраимов С.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "ЦАРЕС - региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча" долбоорун ишке ашыруу боюнча бөлүмүнүн директору;
Калыков С.Т. - Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Осмонов Г. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
Сейдалиев К.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин № 7 мамлекеттик архитектуралык-курулуш башкармалыгынын начальниги;
Темирбаев М.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн начальниги;
Эшенкулова А.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарын каржылоо башкармалыгынын башкы адиси.