Редакцияот 30.09.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 30-сентябры № 548-б

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына байланыштуу:

1. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын 2009-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунушу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы:

- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган уюштуруу комитетинин курамын жана Иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын бекитсин;

- юбилейлик иш-чараларды каржылоону жергиликтүү бюджеттердин резервдик мүмкүнчүлүктөрүнүн эсебинен жүргүзсүн.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка аткаруу бийлик органдары Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов