Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 30-сентябры № 549-б

"А.С.Сүйүмбаевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 21-майындагы № 1162-IV токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери А.С.Сүйүмбаевдин 90 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын бекитсин.

3. Чүй облусунун жана Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациялары А.С.Сүйүмбаевдин 90 жылдык юбилейин даярдоо жана өткөрүү планын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана уюштуруу комитетине берсин.

4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар 2010-жылга каралган мамлекеттик органдардын колдонуудагы бюджеттик каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери А.С.Сүйүмбаевдин 90 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына көмөк көрсөтүшсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 549-б буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик

жана коомдук ишмери Ахматбек Сүйүмбаевдин

90 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу

иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча

уюштуруу комитетинин