Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 30-сентябры № 550-б

"А.Сыдыковдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 30-январындагы № 928-IV токтомуна ылайык:

1. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери А.Сыдыковдун 120 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын бекитсин.

3. Чүй облусунун жана Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациялары А.Сыдыковдун 120 жылдык юбилейин даярдоо жана өткөрүү планын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана уюштуруу комитетине берсин.

4. Юбилейлик иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдардын колдонуудагы бюджеттеринин, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери А.Сыдыковдун 120 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына көмөк көрсөтүшсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 550-б буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик

жана коомдук ишмери Абдыкерим Сыдыковдун 120

жылдык юбилейине арналган салтанаттуу

иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча