Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 30-сентябры № 552-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-февралындагы № 61-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин биотүрлөрдү, өзгөчө корголуучу аймактарды, экотүзүлүштү сактоо жана басма сөз кызматы бөлүмүнүн начальниги;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча башкармалыгынын башкы адиси;