Редакцияот 18.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 18-апрели № 167-б

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун түзүлгөн күнүнүн 10 жылдыгына байланыштуу:

1. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун түзүлгөн күнүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды 2009-жылдын октябрында өткөрүү жөнүндө сунушу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы:

- уюштуруу комитетинин курамын жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун түзүлгөн күнүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын бекитсин;

- юбилейлик иш-чараларды каржылоо жергиликтүү бюджеттердин резервдик мүмкүнчүлүктөрүнүн эсебинен жүргүзсүн.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун түзүлгөн күнүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов