Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 11-майы № 207-б

Негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык нормаларын иштеп чыгуу максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:

Кошматов Б.Т. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орун басары, топтун жетекчиси;

Мансурова А.М. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин сапатты өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы;

Рысбекова Ж.Б. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык саясатты талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын начальниги;

Гайдамак Н.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин айыл чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Есенаманова М.К. - Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын гигиеналык сабактар кафедрасынын тамактануу гигиенасы, диетология курсунун башчысы;

Асаналиева Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин мамлекеттик санитардык көзөмөл бөлүмүнүн адиси;

Базарбаев Т.Р. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Реалдуу секторду каржылоо саясаты башкармалыгынын реалдуу сектор бөлүмүнүн адиси;

Султанкулова М.Ж. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин сапатты өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Сүйүнбек уулу Семетей - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин мамлекеттик программалар башкармалыгынын түзүмдүк жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Кушубакова М.Ы. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин мамлекеттик санитардык көзөмөл бөлүмүнүн адиси.

2. Жумушчу топ 2009-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө негизги тамак-аш азыктары боюнча керектөөнүн физиологиялык нормаларын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.