Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 14-майы № 214-б

(КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 12-августундагы № 439-б буйругунун

редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баалоо институтуна Кыргыз Республикасынны Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) сом , анын ичинде:

- Кыргызстанда 2009-жылдын 18-19-майында Шанхай кызматташтык уюмунун форумунун 4-заседаниесин өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн 966705 (тогуз жүз алтымыш алты миң жети жүз беш) сом;

- оргтехникаларды (компьютерлер, көчүргүчтөр, принтерлер, модемдер жана башкалар) сатып алуу үчүн 333295 (үч жүз отуз үч миң эки жүз токсон беш) сом бөлүнсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов