Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 18-майы № 222-б
Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу максатында:
1. Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2009-жылдын 14-15-июнунда "Кыргызстанга инвестициялар" биринчи Москва конгресси (мындан ары Конгресс) өткөрүлсүн.
2. Конгрессти даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте бизнес-долбоорлорду Конгресстин катышуучуларынын андан ары кароосу үчүн тартууну жана тандоону 2009-жылдын 1-июнуна чейин камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жана Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгү аны даярдоо жана өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө Конгресстин уюштуруу комитетине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 222-б буйругуна тиркеме |
Узакбаев Э.У. - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;