Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Республикасынын Өкмөтүнүн

2015-жылдын 13 августундагы №390-б буйругуна ылайык

Күчүн Жоготту

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 8-декабры № 670-б

"Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасына өрт жана жарылуу коркунучу бар материалдарды сактоого, ошондой эле өрт жана жарылуу коркунучу бар материалдарга жакын жайгашкан турак жайлык массивдердин коопсуздугун камсыздоо боюнча колдоо көрсөтүү максатында:

1. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын тийиштүү талаптарына ылайык келген атайын материалдарды сактоочу жаңы кампаларды куруу үчүн "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасына белгиленген тартипте жер участогун берсин.

2. "Южные земли" жоопкерчилиги чектелген коомуна Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы берген жер участогунда кампалык жайларды, курулмаларды, анын ичинде күзөттүк объекттерди курууну, ошондой эле сакталып турган атайын продукцияны ташууну атайын арналыштагы объекттерге коюлчу талаптарды жана эрежелерди катуу сактоо менен ишке ашыруу сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте: Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 1, дарегиндеги, "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын балансында турган, жер участогу 25,52 га аянттагы кампа жайлардын, бастырмалардын, күзөт объекттеринин нарктык баасын белгиленген тартипте аныктасын.

4. Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 1, дарегиндеги, "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын балансында турган, жер участогу 25,52 га аянттагы жогоруда көрсөтүлгөн объекттер "Южные земли" жоопкерчилиги чектелген коомуна кампа жайларды, күзөттүк курулмаларды куруу, ошондой эле сакталып турган продукцияны ташуу боюнча аткарылган жумуштардын эсебине өткөрүп берилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте:

- "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасына, "Южные земли" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздесин.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо

 

Премьер-министр

Д. Үсөнов