Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-декабры № 680-б
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү" (Трастык фондунун гранты ТР 095472) долбоору үчүн Көп тараптуу трастык фондунун гранты боюнча Макулдашуу каттын тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан жогоруда аталган Макулдашуу-катка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|