Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-декабры № 685-б
1. "Борбордук Азияда баңгизатка каршы күрөш боюнча программа 5-этап (КАДАП-5)" деген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык коомчулук комиссиясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басары Дикамбаев Азамат Шамильевичке "Борбордук Азияда баңгизатка каршы күрөш боюнча программа - 5-этап (КАДАП-5)" деген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык коомчулук комиссиясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|