Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-декабры № 732-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин бирикмелеринин жана аскердик бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-декабрындагы № 667-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлерине 2009-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен "Жабдууларды, шаймандарды жана материалдарды сатып алуу" 1.3.2.1-беренеси боюнча белгиленген лимиттин чегинде төмөнкү автотранспорт каражаттарын сатып алууга уруксат берилсин:
- 16 орундуу "Форд-транзит" - 1 бирдик;
- "Мерседес-Бенц" - 1 бирдик;
- "Фольксфаген-Пассат" - 2 бирдик;
- "Фольксфаген-Венто" - 1 бирдик.".
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|