Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2010-жылдын 15-январы № 10-б

(КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругунун

редакциясына ылайык)

 

Финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1.1. 2010-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди республикалык бюджеттин каражатынан каржылоону токтотсун:

- Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;

- Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;

- Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;

- Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармасын;

- Ысык-Көл облусунун Суудан сактоо коомун;

- (Жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- (Сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- (Тогузунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- Жалал-Абад облусунун Жазуучулар союзун;

- Жалал-Абад облусунун "Стиль" үн жазуу студиясын;

- Жалал-Абад облусунун Чернобылчылар союзун;

- (Он үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 28-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- Жалал-Абад облусунун Суудан сактоо коомун;

- Жалал-Абад облусунун элдеринин ассамблеясын.

1.2. Мурда облустук бюджеттерден каржыланган жана республикалык бюджетке өткөрүп берилген төмөндөгү мекемелерди 2010-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бекитилген сарптоолор каражатынын чегинде республикалык бюджеттен каржылоого которсун:

- Талас облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору;

- Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору;

- Нарын облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору;

- Баткен облусунун Ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу изолятору.

1.3. 2010-жылдын 1-январынан баштап төмөнкүлөрдү кыскартсын:

- Чүй облусунун Ички иштер башкармасынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кошумча 20 штаттык бирдигин жана Чүй облусунун Ички иштер башкармасынын 23 штаттык бирдигин кармоого;

- Ош облусу боюнча Жарандык коргонуу штабынын, Ысык-Көл облусу боюнча Жарандык коргонуу штабынын, Чүй облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар башкармасынын иш-чараларына кошумча сарптоолорду;

- Чүй облусу боюнча Республикалык топтоо пунктунун кошумча сарптоолорун.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д.Усөнов