Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-июну № 265-б
Бишкек шаарында "Ош-Исфана автожолун реабилитациялоо, 1-фаза" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, делегациянын жетекчисинин орун басары;
Акматов Н.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жардам көрсөтүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги;
Байгончоков М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тышкы жардамдарды координациялоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Керимова Н.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Ормонов У.З. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Турсункулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кредиттик макулдашуунун долбоорун кошпогондо, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |