Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-июну № 269-б
1. Евразия экономикалык шериктештигинин Мамлекеттер аралык кеңешинин 2009-жылдын 8-9-июнунда Россия Федерациясынын Москва шаарында болуучу отурумуна киргизилүүчү документтердин төмөнкүдөй тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондун уюштуруу жөнүндө келишимдин долбоору жана Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фонду жөнүндө жобонун долбоору;
- Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Евразия экономикалык шериктештигинин Жогорку технологиялар борборун түзүү концепциясынын долбоору жана Евразия экономикалык шериктештигинин Жогорку технологиялар борбору жөнүндө жобонун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |