Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-июну № 271-б
Республикалык олимпиадалык резервдин ат спорту жана заманбап спорттун беш түрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебине жана Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик 1999-жылы чыгарылган, кузов № Х0297514, кыймылдаткыч № Х3276385 болгон "ГАЗ-3110" маркасындагы кызматтык автомашинаны Республикалык олимпиадалык резервдин ат спорту жана заманбап спорттун беш түрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмаларды башкаруу жана спорттук камсыздоо" мамлекеттик ишканасы 1990-жылы чыгарылган, кузов № WAUZZZ4AZM, кыймылдаткыч № AAR002494V болгон "Ауди-100" маркасындагы автомашинасын Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |