Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-июнун № 319-б
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы 2008-жылы чыгарылган, кузов № ХТА 21074082829760, кыймылдаткыч № 9158919 "ВАЗ-21074" маркасындагы автомобилди Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Атотранспорт бирикмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук онкология борборунун балансына белгиленген тартипте өткөрүп беришин камсыздасын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук онкология борборунун балансына белгиленген тартипте кабыл алынышын камсыздасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |