Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 3-июлу № 360-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-апрелиндеги № 153-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттагы "эки айлык мөөнөттө" деген сөздөр "ушул жылдын 1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- аталган буйрук менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында:

төмөнкүлөр курамга киргизилсин:

Апышева С.Д. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);

Пак С.Н. - Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча);

Касымов М.А. курамдан чыгарылсын.

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов