Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 20-февралы № 57-р
Мамлекеттин экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылyy, экономикада кластердик мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- экономиканын артыкчылыктуу тармактарында кластердик мамилелерди өнүктүрүү боюнча нормативдик укуктук актыларды;
- кластерлерди түзүү принциптери боюнча методикалык документтерди иштеп чыксын.
2. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги бир жумалык мөөнөттө экономиканын артыкчылыктуу тармактарында кластерлерди тузүү боюнча жумушчу топторун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзсүн жана төмөнкү түзүлүүчү кластерлерде жетекчилери болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- эт өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча - З.С.Эсенаманов, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысы;
- сүт өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча - И.А.Кадыркулов, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы;
- кант өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча - С.М.Ибрагимов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча) жана К.У.Касейинов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- өсүмдүк майын, беде үрөнүн өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча - Ш.Ш.Абдыкеримов, «Агроазыктүлүккорпорациясы» ачык акционердик коомунун башкы директору;
- дан өндүруү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча - И.Р.Айдаралиев Кыргыз Республикасыиын айыл чарба министри;
- тамеки өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча - А.Э.Сакиев, «Кыргыз тамекиси» мамлекеттик акционердик компаниясынын башкы директору жана Д.Б.Кенжебаев, Кыргыз Республикасыиын айыл чарба министринин орун басары;
- мөмөлөрдү жана жашылчаларды өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча - А.Ю.Ташматов, «Десерт» ачык акционердик коомунун директору жана К.Ж.Касымов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы;
- картошка өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча -К.С.Айтбаев, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы жана А.Баялинов, «HI-ТЕСН AGRO LLK» ЖЧКнын (Кемин картошка иштетүүчү заводунун) директору;
- төө буурчак өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча -Б.Болотбеков, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор жана Ш.Ш.Абдыкеримов, "Агроазыктүлүккорпорациясы» ачык акционердик коомунун башкы директору.
3. Жумушчу топтору бир айлык мөөнетте продукция өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу чөйрөсүндөгү учурдагы абалды кыскача талдоону, кластерлерди түзүүнүн максаттары жана милдеттери, продукцияны сатуу рынокторун, кластерлердин турган ордун жана аймагын, уюштуруу түзүмүн жана катышуучулардын курамын, кластерлерди түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана планын, түзүлүп жаткан кластерлерге финансылык жана экономикалык баа берүүну камтыган түзүлүп жаткан кластерлердин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен бирдикте кластерлерди түзүү боюнча жумушчу топтордуп ишинин мониторингин жүзөгө ашырсын жана ай сайын анын натыйжасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берип турушсун.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Ү.Жапаровго жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|