Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 11-октябры № 132-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин 2010-жылдын 27-августундагы № 1 чечимине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын өнүктүрүүнү жана ишинин ачык-айкындыгын камсыздоочу мыйзам долбоорлорунун пакетин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) ушул тескеменин тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө кен казуу тармагын өнүктүрүүнү жана ишинин ачык-айкындыгын камсыздоочу мыйзам долбоорлорунун пакетин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кароосуна берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко мамлекеттик мекемелердин тиешелүү адистерин жана эксперттерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Тиркеме
Жумалиев К.Ы. | - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Маткеримова Л.М. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо боюнча борборунун жетектөөчү адиси; |