Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УТРАТИЛО СИЛУ

в соответствии с распоряжением Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2010-жылдын 12-октябры № 135-р

Айтматов Эл аралык фондунун кайрылуусунда баяндалган маселелерди кароо жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:

Абдуллаева У.А.

 

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

 

Момуналиев Н.С.

 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Өмүркулов И.Ш.

 

- Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;

 

Имашев Ч.И.

 

- Кыргыз Республикасынын финансы министри;

 

Абдикаримов С.Т.

 

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

 

Шер-Нияз С.

 

- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;

 

Касымалиев А.А.

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

 

Абулгазиев М.Д.

 

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

 

Коеналиев Т.К.

 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;

 

Ералиев Н.К.

 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

 

Элебесов Б.Д.

 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;

 

Пулатова Н.И.

 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын пландаштыруу, финансылоо жана эсепке алуу борборунун директору.

2. Ведомстволор аралык комиссия Айтматов Эл аралык фондунун кайрылуусунда баяндалган маселелерди кароого байланыштуу сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

Р. Отунбаева