Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 28-октябры № 152-р
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыначылык үчүн 2010-жылдын 30-октябры жумушчу күнү болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Борбордук казыначылыктын агенттиктерине 2010-жылдын 30-октябрын жумушчу күн деп жарыялоо сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |