Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 5-ноябры № 162-р
Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинин туруктуу иштеши, ошондой эле 2010/2011-жылдагы жылытуу мезгилинен жакшы чыгуу максатында:
1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаарындагы ТЭЦине көмүр ташуу боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилгени үчүн үстөк салууну 2010-жылдын 1-сентябрынан баштап 2011-жылдын 31-мартына чейин токтотуп турсун;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаарындагы ТЭЦи үчүн көмүр ташуу боюнча учурдагы төлөмдөрдү 2011-жылдын 31-мартына чейин толук төлөө камсыздалганда Бишкек шаарынын ТЭЦине темир жол менен көмүр ташыганда мөөнөтү кечиктирилген төлөмдөр үчүн 2010-жылдын 1-сентябрына карата абал боюнча салынган 121196100 (жүз жыйырма бир миллион жүз токсон алты миң жүз) сом суммадагы үстөктү эсептен чыгарсын.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр ташуу боюнча учурдагы кызмат көрсөтүүлөр үчүн "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына акы төлөөнү камсыздоо сунушталсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |