Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 23-августу № 46-б
Бишкек шаарында 2010-жылдын 23-24-августунда болуучу «Энергетика секторун жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкы ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Имашев Ч.И. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри, деле- гациянын жетекчиси; |
Артыкбаев О.М. | - Кыргыз Республикасынын энергетика министри; |
Майкозов К.А. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков М.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Сарыбаева Ж.С. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги- нин Эл аралык экономикалык кызматташтык депар- таментинин бөлүм башчысы; |
Турдиев Т.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин эл аралык фискалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Исмаилов К.Б. | - «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык ак- ционердик коомунун башкы директорунун орун ба- сары (макулдашуу боюнча).
|
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |