Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 27-августу № 51-р
Өнүктүрүү максаттарында 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга карата эки тараптуу кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосунда жана 2007-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында жана 2009-жылдын 14-майында Германия Федеративдик Республикасынын Бонн шаарында кол коюлган өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн протоколдорун аткаруу үчүн:
1. Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосундагы макулдашууну түзүүчү, Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2009-жылдын 14-октябрындагы № 243/2009 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга карата финансылык кызматташуу жөнүндө жана 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга карата техникалык кызматташуу жөнүндө Вербалдык нотасына жооп Вербалдык нотанын долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жооп Вербалдык нотаны белгиленген тартипте германия тарапка жиберсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |