Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 27-августу № 55-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө 2007-жылдын 14-августундагы Макулдашуунун жоболорунун негизинде:
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 5 млн. юань жана 3 млн. юань өлчөмүндө материалдык гуманитардык жардам көрсөтүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну биргелешип түзгөн Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин каттарына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий тилдеги жооп каттарынын тиркелген долбоорлору жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |