Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 23-августу № 45-б
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна көк-бөрү боюнча болгон ар жылдык турнирдин жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондусунан 200 000 (эки жүз миң) сом бөлсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |