Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 27-августу № 53-б
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттар аралык мамилелерди бекемдөө, ошондой эле өлкөнүн бөтөн тилдүү калкынын кыргыз тилине болгон кызыкчылыгын жаратуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган "Ырдайлы кыргыз ырларын" эл аралык фестивалынын жылдык юбилейин даярдоо жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан 300 000 (үч жүз миң) сом бөлүнсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |