Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 22-октябры № 147-р
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын аскер кызматчыларынын социалдык жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында, «Жал» турак жай массивинин № 29 чакан районундагы курулушу бүтпөй жаткан №№ 14-А, 14-Б, 11-Б турак үйлөрүнүн обьектилерин өткөрүп берүү жөнүндө» Бишкек шаарынын мэриясынын 2005-жылдын 1-июнундагы токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына аскер кызматчылары үчүн Бишкек шаарындагы «Жал» турак жай массивинин № 29 чакан районундагы 3 турак үйдүн курулушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык демөөрчүлөрдүн жардамынын эсебинен курууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги турак үйлөрдү паралелдүү долборлоо жана куруу үчүн уруксат берүү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына ар тараптан көмөк көрсөтсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |