Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 28-январы № 19-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө 2009-жылдын 15-октябрындагы макулдашуунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү жүргүнчү ташуучу автобустар түрүндө берген гранттык жардамды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алуусунун жол-жоболорун аяктоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 209-б буйругу менен түзүлгөн жүргүнчү ташуучу автобустарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси, Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Имашов Төрөбек Мырзабековичке Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө гранттык негизде берген 40,0 (кырк) миллион юань суммасындагы жүргүнчү ташуучу 161 (жүз алтымыш бир) автобусту кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |