Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 9-февралы № 25-б
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Билим берүү бардыгы үчүн» программасын тездетип ишке ашырууга карата демилгенин алкагындагы Каталитикалык фонддун экинчи гранты боюнча Бишкек шаарында 2011-жылдын 10-февралында болуучу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында;
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбетжанов М.Т. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
|
Мухамеджанов А.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Байгончоков М.К.
| - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Соронкулов Г.У.
| - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Муканбетов С.Т.
| - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары; |
Кадыров Б.С.
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Ибраимова Ч.И. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
|
Изаев А.С. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы. |
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | А. Атамбаев |