Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 3-майы УӨ № 301
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын баш оона айынын он төртүндөгү техникалык-экономикалык кызматташуу тууралуу Макулдашуунун жоболорунун негизинде:
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө 20 млн.юань, ошондой эле 1 млн. АКШ доллары көлөмүндө материалдык гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн ортосунда Макулдашууну биргелешип түзгөн Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп катынын тиркелген долбоору принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |