Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 5-июлу № 263-б
"Ак-Жол - автожолу" өткөрүү пунктуна жакын жана чек арага чектеш зонанын аймагы аркылуу эл аралык, шаар аралык жана шаардык жүргүнчү ташууларды уюштурууга байланыштуу жагдайларды комплекстүү иликтөө жана андагы маселелерди чечүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, комиссиянын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскеринин кол башчысынын орун басары, комиссиянын жетекчисинин орун басары;
комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Мамлекеттик транспорт инспекциясынын директору;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик кызматынын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Фитосанитардык кызматынын жетекчиси;
- Чүй облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими.
2. Комиссия эки жумалык мөөнөттө "Ак-Жол - автожолу" өткөрүү пунктунун зонасындагы учурдагы кырдаалды иликтеп, Чек ара зонасындагы кемчиликтерди жоюу боюнча иш чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Комиссиянын жетекчисине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартуу, ошондой эле алардан керектүү маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |