Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 9-июлу № 276-б
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында:
1. Кат алмашуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев жана Л.Толстой муниципалдык жолдорун реконструкциялоо жана калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылын.
2. Бишкек шаарынын мэрине жогоруда аталган алмашуу катынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |