Редакцияот 27.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 27-июлу № 310-б

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөргө 1993-2000-жылдар мезгилинде берилген бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин калдыктарын тактоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын облустарынын жана райондорунун мамлекеттик администрациялары салыштырып текшерүү актыларын түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссияларды түзүшсүн.

2. Облустук жана райондук ведомстволор аралык комиссиялар:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөргө 1993-2000-жылдар мезгилинде чарбакер субъекттерге акчалай жана товардык түрдө берилген бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин калдыктары боюнча заемчулар менен тактоо жүргүзүшсүн жана салыштырып текшерүү актыларын түзүшсүн;

- Бюджеттик ссудалардын жапа кредиттердин калдыктарын мамлекетке кайтарып берүү мүмкүндүгүн изилдешсин, кайтарылбас карыздардын себептерин такташсын жана чарбакер субъекттер боюнча тиешелүү сунуштарды киргизишсин;

- эки айлык мөөнөттө материалдарды, салыштырып текшерүү актыларын жалпылап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 2011-жылдын 15-октябрына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө иштин натыйжалары жөнүндө маалымат берсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев