Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 9-ноябры № 516-б
Курман айт күнүн майрамдоого байланыштуу, балдарды социалдык жактан колдоо максатында:
Дүлөй балдар үчүн республикалык атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттын жана Бишкек шаарынын атайын Балдар үйүнүн тарбиялануучу балдарына жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 300 000 (үч жүз миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына бөлүнсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |