Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 18-ноябры № 539-б
1. Бишкек шаарында 2011-жылдын 22-ноябрында болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоорун кошумча каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси.
Делегация мүчөлөрү:
Ташбаев У.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сакебаев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сулейманов Б.И. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Ибраимова Э.С. - Кыргыз Республикасынын жамааттарын өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Бактыгулова К.Д. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
Ибраимова Ч.И. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин пландоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |