Редакцияот 30.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 30-сентябры № 470-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосунда Кат алмашуу жолу менен түзүлүүчү макулдашуунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл Аралык Кызматташуу Агенттигинин ортосунда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгуучу спорттук шаймандарды жакшыртуу" долбоору боюнча 69,2 млн. япон иени суммасындагы гранттык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи

вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин

Милдетин аткаруучу

 

 

 

 

 

Ө.Бабанов