Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 5-июлу № 323-б

2012-жылдын 8-12-июлунда Тегеран шаарында (Иран Ислам Республикасы) боло турган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги онунчу жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда бекитилсин:

Жапаров Акылбек Үсөнбекович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Шеримкулов Медеткан Шеримкулович

-

Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;

Туманов Кубанычбек Туманович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Жумалиев Акылбек Токторович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

Кулуев Кожогелди Калакунович

-

Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары;

Кожобеков Асылбек Эсенджанович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

Осмонбетов Эмиль Кубатович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Пирназаров Марат Түгөлбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

Мурзаев Кубат Садырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги;

Сыдыгалиев Ринат Болотбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

Ажикулов Эрлан Замирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Кудайбердиева Айзада Бердибековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин Тышкы байланыштар жана Интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын башкы адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-октябрындагы № 560-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Тегеран шаарына (Иран Ислам Республикасы) баруусуна байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар боюнча командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов