Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-августу № 356-б
Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык тейлөөнү жакшыртуу максатында:
1. "Борбордук Азияда гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен "Борбордук Азияда гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |